Кантта ооруканада каза болгон кишинин капчыгын уурдап алышкан

Бишкек, 29.06.2020 Sokol.media

Кант шаарында жайгашкан Ысык-Ата аймактык ооруканасында каза болгон кишинин капчыгын уррдап алышккан. Капчыкта маркумдун акчасы жана документтери болгон. Бул тууралуу Bars.Media сайтына маркумдун жакындары билдиришти.

Маркумдун жакынынын айтымында каза болгон тайжездесин көп убакытка чейин дарыгерлер ооруканага жаткырбай коюшкан. “Ал рентгенге тартылганда дарыгерлер ага баары жеңил жана таза экенин айтышкан. Дарыгерлер тайжездемди ооруканадан ооруканага жиберип жатышты. “Тез жардам” кызматы да, 118 сурап-билүү номери да чалсак жооп бербей коюшту. Качан гана иним ызы-чуу чыгарганда аны ооруканага жаткырууга макул болушту. Тайжездемди Кант шаарындагы ооруканага жиберишти. 1 суткага жетпей ал жактан каза болду. Андан соң каза болгон тайжездемдин сөөгүн алып кетели десек орруканадан капчыгын уурдап алышыптыр. Албетте, каза болгон кишиге акча, паспорту салынган капчыктын эмне кереги бар?! Кудай жалгап үйдөн паспортунун көчүрмөсүн таап калып, сөоктү алып чыгып кеттик”,-деди ал.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *