Президенттин Аппаратынын 8 кызматкеринде коронавирус инфекциясы тастыкталды

Бишкек, 26.06.2020 Sokol.media
Кыргыз Республикасынын делегация курамында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу, Президенттин Аппаратынын бардык кызматкерлери илдетке карата анализ тапшырышты.
‼️ Анализдердин жыйынтыгы боюнча Президенттин Аппаратынын 8 кызматкеринде — байланышта болгон адамдарда коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды.
🔹 Белгилей кетсек, бул илдеттин мүнөзүн жана биринчи анализдеги күмөндүү учурларды эске алуу менен бардык кызматкерлер кайрадан анализ тапшырышат, ага жараша, жыйынтыктар өзгөрүшү мүмкүн.
🛏 Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, илдет белгилери жок өтүп жаткандыгын эске алуу менен алардын баары үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат.
Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери алыстатылган тартипте иштөөсүн улантышууда.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб