Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын аныктоочу жаңы лаборатория иштей баштады

Бишкек, 26.06.2020 Sokol.media

Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын аныктоочу жаңы лаборатория иштей баштады. Бул тууралуу 26-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Улуттук фтизиатрия борборундагы Республикалык референс-лабораторияда эки аппарат коюлган. Алар GeneXpert ыкмасы боюнча иштейт:

«Ал жерде бир сааттын ичинде сегиз адамдан анализ алынып, жыйынтыгы 99% так чыгат. Буга чейин бул ыкма коронавирус үчүн колдонулбаган себеби, ал жердеги аппараттар кургак учукту жана ага рифампициндин күчү жетпей калган түрлөрүн аныктоодо колдонулчу. Биз ыраазычылык билдиребиз, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасынын жардамы менен картридждер алынып келди. 6550 картриж менен ошончо адамды камтыса болот. Бир саат ичинде анализинин жыйынтыгы чыгат».

Каратаев билдиргендей, азыр СПИД, кургак учук жана малярияга каршы глобалдык фонд менен дагы 50 миң картридж сатып алуу тууралуу сүйлөшүү журүп жатат.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери 26-июнда кайрадан эң көп учур — 250 жаңы бейтап катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 105 адам. Жалпысынан 18-марттан 26-июнга чейин өлкөдө коронавирус 4204 адамдан табылды, алардын ичинен 43 бейтап кайтыш болду, 2162 бейтап айыгып кетти.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *