Бишкекте ысык суу качан берилээри белгилүү болду

Бишкек, 25.06.2020 Sokol.media
Борбор калаабызда ысык суу 1-июлдан баштап бериле баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, суу түтүктөрүн тазалоо, кышкы сезонго даярдоо максатында жылыга бир айга ысык суу өчүрүлүп келет. Быйыл 2020-жылдын 1-июнунан тарта өчүрүлгөн эле.