Жээнбеков парадга катыша алган жок. Себеби бар

Бишкек, 24.06.2020 Sokol.media

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Москвадагы парадга ардактуу конок катары катыша алган жок. Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, Москвага учуп барганда кыргыз делегациясы коронавируска анализ тапшырып, экөөнүкү таза эмес болуп чыкты.

Президенттин расмий сайтында жарыяланган маалыматка караганда, «Алгоритмге ылайык, президент Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуудан карманды».

Бүгүн Москванын Кызыл аянтында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад өтүп жатат. Ага бир катар өлкө лидерлери чакырылган, айрымдары баруудан баш тартышкан.

Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы Москвага 23-июнда учуп барган.

Парадга Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын жоокерлери катышты.

Булак: Азаттык

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *