Өзбекстанда ымыркайды 18 миң долларга сатууга аракет жасаган эки аял кармалды

Бишкек, 24.06.2020 Sokol.media

Сырдарыя облусунун борбору Гулистан шаарында 23-июнда бир айлык ымыркайды 18 миң долларга сатууга аракет жасаган эки аял кармалды.

Сырдарыя облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, адам сатуу жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери май айында төрөлгөн наристени сатууга аракет жасаган аялдарды кармашкан. Алардын бири баланын энеси, экинчиси, ага жардам берген аял болгон.

Бул факт боюнча тергөө иштери башталды.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *