Бразилиянын соту президентин медициналык бет кап тагынууга милдеттендирди

Бишкек, 24.06.2020 Sokol.media

Бразилиянын федералдык соту өлкө президенти Жаир Болсонаруну медициналык бет кап тагынууга милдеттендирди. Эгерде ал  Соттун чечимин аткарбаса  390 доллар (болжол менен 29 миң 246 сом) айып пул төлөйт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматына ылайык, Бразилиянын федералдык соту шейшемби күнү өлкө башчысын коомдук жайларда бет кап тагынып жүрүүнү милдеттендирген чечим кабыл алган. Бул тууралуу  президенттин сарайынан соттун чечими боюнча эч кандай комментарий бере электиги айтылат.

Буга чейин президент Жаир Болсонару бет капсыз, кол капсыз көчөгө көп жолу чыккандыгы талкууга алынган эле.

Учурда Бразилияда коронавирус менен ооругандардын саны  болжол менен 1 миллион 106 миң 470ке жетсе, 601 миң 741 бейтап илдеттен арылды. Каза болгондор — 51 миң 271.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *