Сот Атамбаевди 11 жылга соттоду

Бишкек, 23.06.2020 Sokol.media

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу сот өкүмү чыкты.

Алмазбек Атамбаев — 11,2 жылга кесилди жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды. II даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринен, «Даңк» медалынан, президенттин энчилүү саатынан ажыратылды.

Ишти караган Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов 23-июнда өкүмдү угузуп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күнөөлүү деп тапты жана аны 11 жыл эки айга эркинен ажыратуу, сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу чарасын чегерди.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага 5 миллион сом айыппул салынды. Мамлекеттик чиндеринен жана мамлекеттик наамынан ажыратылмай болду.

Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылды, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага жаза чегерилген жок.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөөлүү деп табылды. Ага эки жыл эркинен ажыратуу чарасы чегерилди, бирок буга чейин камакта отурганын эсепке алганда, жазасын өтөп бүттү деп таанылды, сот залынан бошотулду.

17-июндагы сот отурумунда мамлекеттик айыптоочулар Атамбаевди Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупцияны уюштуруу») боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга кесүүнү жана бардык мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу менен анын жана жакындарынын мүлкүн конфискация кылууну соттон өтүнгөн. Коррупцияга шек саналган Жолдубаеваны 15 жылга, Раимжановду жана Качкыналиевди 13 жылдан түрмөгө кесүүнү өтүнгөн.

Мурдагы президентке жана ошол кездеги кызмат адамдарына чыккан өкүм акыркы эмес. Айыпталуучулардын айрымдары жогорку инстанцияга арыздана турганын билдиришти.

Чечен тектүү Азиз Батукаев 1966-жылы Чүйдүн Токмок шаарында төрөлгөн. Анын аты 1990-жылдары эле криминалдык чөйрөдө атала баштаган. Батукаев 2006-жылы маңзат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. Ал түрмөдөн 2021-жылдын орто ченинде чыгышы керек эле.

Бирок 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн. Бул боюнча сот 18-июнда уланат.

Алмазбек Атамбаев баштаган анын ондон ашык тарапташына Кой-Таш окуясы боюнча да Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш-аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Булак: Азаттык

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *