Милициянын кайгуул кызматы киши өлтүрүүгө шектүү жарандарды кармады

Бишкек, 23.06.2020 Sokol.media

Милициянын кайгуул кызматы киши өлтүрүүгө шектүү жарандарды кармады

2020-жылдын 23-июнь күнү Бишкек шаардык ИИББгы боюнча Ленин районуна бөлүнгөн милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери аталган аймакта кайгуулда жүргөн учурда, болжол менен саат 02:37 чамасында Павлов көчөсү менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде, 30-35 жаштагы белгисиз адамдын жансыз денеси жол жээгинде жаткандыгын көрүшкөн. Ошол замат милициянын кайгуул кызматы тез жардам кызматын чакырып, окуя болгон жерди курчоого алып, калган бөлүгү шектүүлөрдү издөөгө киришкен.

Көп узабай ыкчам издөөнүн натыйжасында, Бишкек шаардык ИИББ боюнча Милициянын кайгуул кызматы тарабынан кылмыш изи сууй электе Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган А.К, 2003-жылы туулган С.Ж. жана 2003-жылы туулган Ч.И. кармалып, Ленин райондук ИИБнын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Аталган факт боюнча Ленин райондук ИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *