Чүйдө ИИОнун кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Бишкек, 23.06.2020 Sokol.media

Чүй облусунда ИИОнун кызматкерлери тарабынан жарандардын арасында коронавирус илдетинин жайылышын болтурбоо жана алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Дүйнөдө жана анын ичинен Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус илдетинин (COVID-19) пайда болушуна байланыштуу, Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан аталган илдеттин мындан ары жайылышын болтурбоо үчүн бир катар алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Буга бир четинен айрым кызмат көрсөткөн чөйрөлөр кеңейтилгендигине байланыштуу Чүй облусунун аймагында дагы аталган илдетти жугузуп алгандар көбөйүүдө. Кээ бир жоопкерчиликсиз жарандар тарабынан медицина кызматкерлеринин бардык сунуштарын тоготпостон кайдигер мамиле кылынып, өздүк гигиенанын жөнөкөй чаралары сакталбай жатат. Ушуга байланыштуу Чүй облусунун ички иштер органдары жарандардын арасында коронавирус илдетинин жайылышын болтурбоо жана алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө. Милиция кызматкерлери коронавирус илдетиннен коргонуу чараларын аткарбаган жарандарга өзгөчө көңүл буруп, аларга өздүк гигиенаны жана өзүнүн коопсуздугунан сырткары жакындарынын, өз чөйрөсүндөгү адамдардын коопсуздугу үчүн медицина кызматкерлеринин бардык сунуштарын аткаруу зарыл экендиги боюнча толук маалымат беришип, түшүндүрүшүүдө.

Ушуга катар, жашы жете электерди дагы коргоо үчүн Чүй облусунун ИИОнун жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери рейддерди тынымсыз жүргүзүшүп, бул илдеттин жашы жете электердин арасында жайылып кетишин алдын алууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда. Чүй облусунун ички иштер органдарынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери өткөн жуманын аягында жайкы каникулда иштеп жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча рейд өткөрүшкөн. Анын жыйынтыгы менен ар кандай жерлерде иштешкен бир нече өспүрүм табылган эле. Көп учурларда чоңдор балдарынын мындай аракеттерине макул болушуп, жумушка коё беришип, анын айынан пайда боло турган кесепеттерди түшүнүшпөй, балдарга гана эмес өздөрүнө дагы зыян болоорун эске алышпоолорун белгилеп кетүү керек. Көпчүлүк учурда өспүрүмдөр коронавирус илдетине кабылуусу мүмкүн болгон базарларда, унаа жуучу жайларда, кафе, ресторан жана башка калк жыш топтолгон жерлерде иштеп жаткандыгы аныкталууда. Андан сырткары, сууга чөгүп каза болуу коркунучун айтпаганда, оруунун жугуусу жогору болгонуна карабастан, уруксат берилбеген көлмөлөрдө, каналдарда сууга түшкөн өспүрүмдөр жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталууда. Азыркы учурда, коронавирус илдетинин жайылышын эскертүү боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү мүнөзүндөгү жогорудагыдай бир катар иш-чаралар Чүй облусунун бардык аймагында жүргүзүлүүдө. Ушуга байланыштуу, Чүй облусунун ички иштер органдары жарандарга кайрылат: Урматтуу жарандар коомдук жайларда өздук гигиенанын жөнөкөй эрежелерин сактаңыздар. Калк жыш топтолгон жерлерден алыс болууга жана жашы жете элек балдарыңыздарга мүмкүн болушунча көзөмөлгө алууңуздарды суранбыз.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *