Бишкекке Кореядан, Япониядан жана Филиппинден Кыргызстандын 19 жараны учуп келди

Бишкек, 23.06.2020 Sokol.media
Дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча КР Президенти жана Өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында 23-июнда КР ТИМ менен Казакстан тараптын биргелешип аракеттешүүсүнүн негизинде КРнын 19 жараны Корея Республикасынан (4), Япониядан (6) жана Филиппинден (9) учуп келди.
✅ Биздин жарандар Токио, Манила жана Сеул шаарларынан «Air Astana» казак авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Алматы шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, Бишкек шаарына атайын транспорт менен алынып келди.
🛏 Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.
❗️Чет мамлекеттердеги КР жарандарынын үйлөрүнө кайтаруу, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен аларды алып чыгууну уюштуруу үчүн кайтып келүүнүн мүмкүн болгон маршруттарын издөө боюнча иштер улантылат.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб