Россиянын COVID-19 каршы вакцинасынын канча убакытка жарай тургандыгы айтылды

Closeup of unknown person wearing laboratory coat while injecting the syringe to the Coronavirus vaccine bottle

Бишкек, 22.06.2020 Sokol.media

Россиянын Коргоо министрлиги менен биргеликте жасалган вакцина эки жылдан ашык убакытта чейин  коронавирустан адамды коргойт. Бул тууралуу  Гамалея улуттук эпидемиология жана микробиология илимий борборунун директору Александр Гунзбург билдирди.

Мамлекеттик администрация жана Коргоо министрлиги тарабынан түзүлгөн  вакцинанын клиникалык сыноолору 18 адамга 18-июнда Бурденко ооруканасында башталды. Аларды июль айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

«Вакцина эки жолу сайылат. Андан тышкары, ошол эле ген (вакцина аденовиралдык контейнерлерди колдонуп, коронавирустагы «корона» протеинин коддогон гендерди жеткирип турат) ар кандай алып жүрүүчүгө киргизилген, бул коргонуу иммунитетин гана алып койбостон, аны узак убакытка алууга мүмкүнчүлүк берет » — деди Гунзбург «Красная Звезда» гезитине берген маегинде.

“ Бул вакцинаны алган адамга  эки жылга (же андан ашык ) чейин коронавирус жукпайт”,-деп кошумчалаган.

Дарыгер белгилегендей, препараттын мындай узак мөөнөттүү таасири Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин ТИК, медициналык мекемелеринин жана Африка Гвинеясындагы Эбола вирусуна каршы вакциналар боюнча биргелешкен иши менен далилденген.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *