Якутиядан Кыргызстандын 170 жараны келди

Бишкек, 19.06.2020 Sokol.media

19-июнда «Манас» эл аралык аэропорту «Якутия» авиакомпаниясынын Якутия-Бишкек маршруту боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Россиянын аталган аймагында жашаган КРнын 170 жараны мекенине кайтып келди.

➡️ Жүргүнчүлөрдүн тизмесине якут ЖОЖдорунда окуп жаткан студенттер – Кыргызстан жарандары, кош бойлуу аялдар жана балдар, ошондой эле оор илдеттери бар, мекенине кайтууга муктаж болгон адамдар киргизилген.

🛏 Бардык учуп келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн бекитилген тартипте обсервацияга жайгаштырылат.

✅ Каттам, дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча КР Президенти жана Өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында, КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан Россия тарап менен өз ара аракеттешүүсүндө жана “Саха Республикасынын «Манас» кыргыз диаспорасынын көмөктөшүүсү менен уюштурулду».

‼️ Дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *