ВИДЕО-Өзгөндө бүтүрүүчүлөр бара жаткан унаалар кырсыктап, бирөө каза болду

Бишкек, 19.06.2020 Sokol.media
Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүндөгү Мичурин айылында мектеп бүтүрүүчүлөрү бараткан ВАЗ-2106 жана Honda Fit автоунаалары кырсыкка учурап, 18 жаштагы жигит каза болду. Бул маалыматты Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын өкүлү Алтынбек Теңизбаев тастыктады.

Анын айтымында, окуя 2020-жылдын 18-июнь күнү саат 17:00 чамасында Өзгөн — Мырза-Аке жолунун жетинчи чакырымында болгон. Жаштар башкарып, бири-бири менен ээрчишип бара жаткан автолор бир учурда кырсыктаган.

“Өзгөн районунун 18 жаштагы тургуну ВАЗ-2106 автоунаасы менен күн чыгыш тарапты көздөй баратып, рулду башкара албай жолдун сол тарабына чыгып кеткен. Ал эми Өзгөн районунун 17 жаштагы тургуну айдап бара жаткан Honda Fit оң тарабына сүрүлгөн”, — деп айтылат билдирүүдө.

Кырсыктын кесепетинен ВАЗ-2106 унаасынын айдоочусу жана жүргүнчү катары бараткан 17 жаштагы эки жигит денелеринен жаракат алып, Өзгөн райондук ооруканасына кайрылган. Ал эми 18 жаштагы жигит алган жараатынан улам ооруканада каза болгон. Экинчи көлүктүн ичиндеги 17 жаштагы эки бала дагы ооруканага түшкөн.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *