Казакстандын экс-президенти Назарбаев коронавирус жуктуруп алды

Бишкек, 18.06.2020 Sokol.media

Казакстандын экс-президенти Назарбаевге коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Назарбаевдин расмий сайты кабарлады.

Азыркы учурда Казакстандын биринчи президенти обочолонду. Тилекке каршы анын соңку тестинен коронавирус аныкталды. Чочулоого негиз жок. Нурсултан Назарбаев аралыктан иштеп жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдон коронавирус табылып, мындан улам казак премьер-министри Аскар Мамин баштаган бир нече өкмөт өкүлү карантинге чыккан.

18-июнга карата Нур-Султан шаарында коронавирус инфекциясынан дагы үч киши –­­ 57 жаштагы эркек жана 63, 74 жаштагы эки аял көз жумду. Муну менен Казакстанда COVID-19дан өлгөн адамдардын саны 100гө жетти.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *