Жалал-Абад областында профилактикалык иштер жүрүүдө

Бишкек, 17.06.2020 Sokol.media

Бүгүн 17-июнда Жалал-Абад ОИИБдин ШРИИБдери тарабынан
“Бирдиктүү алдын алуу” күнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен
биргеликте өткөрүлдү. Милиция кызматкерлери айылдарды аралашып бир
топ түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө паспорт
эрежелери, автоунаалар, аңчылык сүйүүчүлөрдүн курал-жарак сактоо
боюнча эрежелери текшерүүгө алынды.


Ошондой эле жайкы эс алууларга байланыштуу маалыматтар
жеткирилип, милиция кызматкерлери жарандарды табигый кырсыктардан
алыс болууга чакырышты. Жаш өспүрүмдөрдү аптаптуу күндөрү көзөмөлгө
алып, алардын кооптуу аймактарда сууга түшүүсүнө жол бербөө керектиги
эскертилди.
Көп кабаттуу турак-жайлардын жашоочуларына балдарды үйдө жалгыз
калтырууга болбой тургандыгы жеткирилип, терезеге жакын алып келбөө
зарылдыгы айтылды.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *