ВИДЕО-«Гавайинин» ээсинин күзөт кызматында иштегендер кары адамды сабап жаткан видео таркады

Бишкек, 17.06.2020 Sokol.media

Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан айтылуу «Гавайи» эс алуу жайынын ээсинин жан сакчысы кары адамды сабап жаткандыгы тууралуу видео «Короче» телеграмм каналына чыкты.

Окуя тууралуу ИИМ билдирме берди.

Кең-Булун айылындагы окуя боюнча ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

2020-жылдын 14-июнь күнү болжол менен саат 10:19 чамаларында Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө аймактык оорукандан телефон чалуу болуп, дене жаракаты менен эркек киши ооруканага түшкөнүн билдиришкен. Бул маалыматтын негизинде дароо Ысык-Ата районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу ооруканага чыгышкан.
Териштирүү учурунда ал кишинин өздүгү аныкталып, 53 жаштагы Х.Р. экендиги такталган. Окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейини өндүрүш иштери башталган. Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин алкагында, үстүбүздөгү жылдын 14-июнь күнү болжол менен саат 00:30 чамаларында Кең-Булун айылындагы көчөлөрдүн биринен 35 жаштагы Т.Б. жана 45 жаштагы Д.Т. аттуу жарандар мас абалында пикир келишпестиктен улам 53 жаштагы Х.К, 50 жаштагы К.И., 58 жаштагы М.А. жана 23 жаштагы К.А. аттуу жарандардын денесине залал келтиришкен.
Жыйынтыгында 53 жаштагы Х.К. Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Окуя болгон күнү Ысык-Ата районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан шектүү эки жаран кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышып, кийин райондук соттун чечими менен кармалган жарандар үй камагына алынышкан. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, окуяны келип чыккан себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *