Боронов: Кайра карантин киргизүү – бул акыркы чара

Бишкек, 17.06.2020 Sokol.media

Кайра карантин киргизүү акыркы чара. Бул тууралуу Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Коронавирустук пандемия учурунда Кыргызстанда карантин чараларын киргизүү башка өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу оң натыйжа берди. Бирок экономика толугу менен ордунан туруп калгандыктан экономикалык иш-аракеттерди жандандырууга аргасыз болдук. Аймактарда кырдаал көзөмөлгө алынып, Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй облусу тынчсыздандырууда. Андыктан санитардык эрежелерди сактоого чакырабыз. Кайра карантин киргизүү – бул акыркы чара », – деди К. Боронов.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш премьер-министр кызматына Кубатбек Бороновду  бекитти.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *