36 жаштагы жаран коронавирустан каза болду. Ал ооруканага кеч кайрылган

Бишкек, 17.06.2020 Sokol.media

Бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 36 жаштагы эркек адам каза болду.

Ал  Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусунун Сузак районуна барып, өлүктү көмүү зыйнатына катышкан. Ага чейин бейтап борбордогу базарлардын биринде жашылча-жемиш сатып иштеген. Оорунун белгилери пайда болгон учурда, медициналык мекемеге кайрылбастан, өзүнө — өзү дарылоо жүргүзгөн. Антибиотик дарыларды колдонгону белгилүү.

Жалал-Абад облусуна келгенде абалы кескин түрдө начарлап кетип, ооруканага кайрылган. Кеч кайрылганына байланыштуу, эки тараптуу пневмония күчөп кетип, ИВЛ аппаратына кошулганы менен каза болуп калган.

Кыргызстанда жалпы каза болгондордун саны 30 кишини түздү.

📌 16.06.2020-ж. Ош облусттук бириктирилген ооруканасында бир бейтап COVID-19 вирусу тастыкталганы менен, рак оорусунан каза болгон 53 жаштагы эркек киши, жалпы статистикага киргизилди.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *