Ноокатта түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат

Бишкек, 16.06.2020 Sokol.media

Ноокат районунун аймагында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ноокат райондук администрациясы менен Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн биргелешкен иш-мерчеминин негизинде, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. «Коронавирус» жугуштуу илдетинин алдын алуу, санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу боюнча коомдук жайларда, эл көп топтолуучу жана эс алуучу туристтик аймактарда, сууга түшүүчү жайларда, коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун жана социалдык аралыкты сактоо боюнча эскертүүчү тактайчалар жана жарнамалар илинүүдө. Ишке бөлүштүрүүнүн алдында Ноокат РИИБдин милициянын участкалык уполномоченныйларына жана жашы жете электер боюнча милициянын инспекторлоруна, жарандар менен сылык мамиледе болуусу жана ар кандай пикир келиспештиктердин алдын алуу максатында кошумча нускамалар берилди.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *