Бишкекке Кореядан Кыргызстандын жарандары келди

Бишкек, 16.06.2020 Sokol.media

Бүгүн, 16-июнда дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги казакстан тарап менен өз ара аракеттешүүсүнүн алкагында Корея Республикасынан Кыргыз Республикасынын 3 жараны кайтып келди.

Биздин жарандар «Air Astana» казак авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Сеул шаарынан Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна келишип, атайын транспорт менен Бишкек шаарына алынып келди.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын жарандарын үйлөрүнө кайтаруу, анын ичинде өнөктөш-өлкөлөрдүн жардамы менен алып чыгууну уюштуруу үчүн мүмкүн болгон маршруттарын издөө боюнча иштер улантылат.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *