3-жыл мурун 7 миң долларды алып качышкан жарандар кармалды

Бишкек, 16.06.2020 Sokol.media

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне Бишкек шаарынын Б.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган, себеби 2017-жылдын март айында Бишкек шаарынын Сүйөркулов жана Тыныстанова көчөлөрүнүн кесилишинде чала тааныш адамдар коркутуу менен күч колдонуп 7000 АКШ долларын алып коюшкан ( Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын ошол маалдагы курсу боюнча 484820 сомду түзгөн).

Айтылган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.

ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам аракеттеринин натыйжасында, 1989-жылы туулган М.А. жана 1989-жылы туулган Б.Б. аттуу Ысык-Көл облусунун тургундары кармалышкан.

ИИМдин КМКнын маалыматына караганда жогорудагы кылмышкерлер уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турат. Кармалгандар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде, Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына камалган, учурда алардын башка кылмыштарга тиешесин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *