Сузакта кордук менен сабалган аял күйөсүн кечирип тосмо арыз жазды

Бишкек, 15.06.2020 Sokol.media

Сузакта кордук менен сабалган аял күйөсүн кечирип тосмо арыз жазды. Бул тууралуу аймактык ички иштер кызматы билдирген.

Социалдык тармактарга аялынын моюнунан дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып жаткан видео тараган эле. 

Бул окуя 2020-жылдын 8-июнь күнү 11:00 чамаларда Сузак районундагы айылдардын биринде орун алган. Сузак районунун 1969-ж.т. тургуну Б.З. үйүндө 1973-ж.т. М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБне арызданган. Бул окуя Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси Үй-бүлөдөгү зомбулук болуп катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн.

Күйөөсү Сузак районунун 1969-ж.т. тургуну Б.З. кече 11-июнда 18:00 чамаларда Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийинчерээк ал адам 15 суткага камалган.

Бирок, кордук көргөн аял күйөсүн кечирип тосмо арызын жазган.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *