Ноокат районунда мал уурулукка шектүү кармалды

Бишкек, 15.06.2020 Sokol.media

2020-жылдын 10-майында Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын тургуну 58 жаштагы Э.А. арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн короосундагы мал сарайынын алдында байланып турган эки баш эки жашар малдарын белгисиз атуулдар тарабынан уурдалгандыгын көрсөткөн. Аталган факты боюнча Ноокат РИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, атайын тергөө тобу түзүлгөн. Катталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө тапшырмасынын негизинде ыкчам иштеринин жүрүп жаткан, учурда Ынтымак айыл аймагында “А” аттуу жаран мал уурулук менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшүп, ал атуул Ноокат районунун Ынтымак а/а тургуну 37 жаштагы А.А экендиги такталып, үстүнөн ыкчам иш чаралары жүргүзүлгөн. Алынган маалыматтар боюнча ал бир баш жылкы жана бир баш малды тайакеси Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын тургуну, мал базарларда алып сатуучу болуп иштеген 51 жаштагы Ж.Кга саткандыгы аныкталган. Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү болуп Ноокат районунун Ынтымак а/а тургуну 1983-ж.т А.А кармалып, КР КЖК нин 200-беренеси менен Ноокат РИИБнин УКЖна киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *