ВИДЕО-Кыргызстандагы карылар үйүндөгү чечен атаны Рамзан Кадыров алып кетмей болду

Бишкек, 12.06.2020 Sokol.media

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Кыргызстанда карылар үйүндө жашаган, Грозныйлык Данганы өлкөсүнө алып кетмей болду. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова бөлүштү.

Анын айтымында, түбү грозныйлык Данганын окуясына карата реакциясы чечен элинин биримдигин дагы бир жолу далилдеди.

еченстандын башчысы Рамзан Кадыров Кыргызстанда карылар үйүндө жашап жаткан 81 жаштагы грозныйлык Данга чоң ата тууралуу тарткан сюжетимди көрүп, жардамчыларына мени менен байланышууну тапшырыптыр. Алар мага чалып, Данганы алып кетүү ниетин билдиришти. Мындай аракети менен Рамзан Кадыров мени таң калтырды. Мына чыныгы элдин атасы ушундай болуш керек, дейт Ассоль Молдокматова.

Ассоль Молдокматова 20 жылдан бери кайрымдуулук кылганы менен, алгач ирет кайсы бир өлкө президентинин өз мекендешинин тагдыры үчүн күйүп, так жана оперативдүү аракет кылганына ыраазы болгонун жашырган жок.

Эске салсак, Данга Грозный шаарында туулган. Ал азыр 81 жашта. Мурда массалык жер которууда Кыргызстанга келген чоң ата 10 жылдан бери карылар үйүндө жашайт. Анын үй-бүлөсү жана жакын туугандары жок.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *