Бишкектин вице-мэри COVID-19 кайсы конуштарда аныкталганын айтты

Бишкек, 12.06.2020 Sokol.media

COVID-19 аныкталган 162 адам Бишкек шаарындагы 25 конуштун жашоочулары болуп саналат. Шаардын борбордук бөлүгүндө илдет жуккан жарандардын көпчүлүк бөлүгү кичи райондордо жашайт: 12 кичи районунда — 15 адам, Жал кичи районунда – 15 адам, Аламедин-1 кичи районунда – 5 адам, Фучик көчөсүндө – 6 адам жашайт”, — деп билдирди Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова.

Вице-мэр белгилегендей, Бишкек шаарында коронавирус менен жалпы тастыкталган учурлардын ичинен 63 жаран өздөрү кайрылгандар. Ал эми 34 учурдун булагы такталбагандыктан, Шаардык санэпидкөзөмөл борбору изилдөөнү улантып жатат. Айрым жарандар, вирусту коомдук жайлардан — базардан, соода борборлорунан, коомдук транспорт жана автобустардан жүктуруп алганын айтышкан.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *