Бишкекте дагы 19 адамдан коронавирус табылды

Бишкек, 12.06.2020 Sokol.media

2020-жылдын 12-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 37 учур катталды:
⚡️ Бишкек ш. – 19
⚡️ Чүй облусу — 13
⚡️ Ош ш. – 1
⚡️ Ош облусу — 2
⚡️ Баткен облусу — 2

«12-июнда COVID-19 вирусу менен жаңы 37 учур катталды. Чет өлкөдөн келгендерден 3 учур, медициналык көзөмөлдө турган жарандардан 20 учур тастыкталды. Ал эми, жугузган шарттары белгисиз бойдон 14 учур калууда»,-деди  Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.

2020-жылдын 12-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 2 166 учурга жетти.
📌 Стационарда – 472, алардын ичинен реанимацияда – 1
📌 Ооруканадан чыгарылды – 1668
📌 Каза тапты – 26

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 4
• Чүй облусунда – 2
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 9 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 425 учур катталды, алардын ичинен 321 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.