Бишкекте алдамчылыкка шектелип 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда , буга чейин  милицияга арызы менен Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Ал  өз арызында Б аттуу кыз менен М аттуу жигит  “Форекс” фонддук биржасынын кызматкерибиз деп өздөрүн тааныштырып, арыз ээсинин 1миллион 615 мин 900 сом ачасын терминал аркылуу алдап алышып, жок болуп кетишкен.

Милиция кызматкери ыкчам түрдө тергөө иштеринин жүргүзүшүп кылмышка шектүү 2001-жылы туулган А.Б аттуу жаранды кармашкан.

Ошондой эле, Т.М аттуу жаран дагы  аныкталып,   ага  азыркы учурда  юридикалык баа берүү боюнча иштери жүрүүдө. Кармалган кыздын үстүнөн дагы 35 арыз түшкөн. Учурда зыян келтирилген суммалары  аныкталууда.

Биринчи Май райондук соту кармалган кызды 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Жабыркагандар же маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар.

0 (312) 56-32-48, 0(550)-10-23-60, 0(501) 10-21-02, 0(706) 10- 21-02), 0(707) 71-71-14) же 102.