Токмокто 15 жаштагы кыз 9-кабаттан секирип каза болду

Бишкек, 11.06.2020 Sokol.media

 Токмок шаарында 15 жаштагы кыз чала курулуп бүткөн үйдүн 9-кабатынан кулап каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, кечээ 10-июнда саат 15:43 төрдө милицияга 15-жаштагы кыз өзүн-өзү өлтүрдү деген маалымат келип түшкөн. Кыз алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Милиция кызматкерлери тактагандай, каза болгон кыз издөөдө болгон. Буга чейин кыздын атасы аны үйдөн чыгып кеткен боюнча жок деп издөөгө берген.  Атасынын айтымында, кыз 7-июнда туугандары менен урушуп, үйдөн чыгып кеткен боюнча келген эмес.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *