Ат-Башыда 15 жаштагы окуучу өз колу менен инкубатор жасаган

Бишкек, 11.06.2020 Sokol.media

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Ураан Айбек уулу инкубатор жасап, жакындарынын мактоосуна татыктуу болууда. Бул тууралуу turmush.kg басылмасы жазды.

Ураан Айбек уулу

Маалыматка таянсак, Ураан Кара-Суу айылындагы Карыбек Карпеков атындагы орто мектебинин 9-классында окуйт. Мектепте макеттерди жасап, ар кандай кароо-сынактарга катышып келет. Көп мактанганды жаман көргөн Ураан бул жолу 100 жөжө чыгара турган инкубатор жасаган. Андан чыккан алгачкы 3 жөжө маңыроо, бирок тың экендигин айткан.

Жаш талант бул эмгегин эч кимге көрсөткөн эмес. Үйүнө келген класс жетекчиси байкап калып сүрөткө тартып, социалдык тармактарга чыгарып жиберген. Ошондон улам кээ бир тааныштары аны мактоого алышкан.

Ураан келечекте эколог болууну самап келет. Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

«Үйдөн жумуртканы карап отуруп, инкубатор жасап, жөжө чыгарса кандай болот экен деп ойлондум. Анан интернетти акмалап, китептерди окуй баштадым. Ар кимден сурап отуруп, алгач инкубаторду чакан кылып жасадым. Текшерип көрүп, кызыгып калдым. Мурда өзүм ойлоп табуучулукка кызыкчумун. Макеттерди жасап сынактарга катышып жүргөм. Мектепке эмне керек болсо аракет кылып жасачумун.

Бул мен жасаган үчүнчү инкубатор. Улам жасаган сайын жакшырып баратат. Биринчи жасаган инкубаторго 10 жумуртка бата турган болсо, азыркы жаңы жасаган инкубаторго 100 жумуртка батат. 18-22 күндө жөжө чыгарат. Азыр 3 жөжө чыкты. Инкубатордон чыккан жөжө тоок басып чыгарган жөжөгө салыштырмалуу роботтой болуп маңыроо болот. Бирок аябай тың болот экен. Азыр үчөө чоңоюп калышты. Бул буюмду эч кимге деле айта элекмин. Класс жетекчим үйгө келип, көрүп калыптыр. Анан интернетке чыгарып жибериптир. Ошондон улам тааныштарым мени мактап жатышат. Чогуу жасап саталы дегендер болуп жатат. Бирок жасоо жолун азыр айтпайм. Сыр боюнча тура турсун. Кошуналардан жасап бер, сатып алайын дегендер бар. Дагы текшерүүдөн өткөрүп, анан жасап баштасамбы деп жатам.

Үчүнчү инкубаторду жасаганга баш-аягы 3000 сом кетти. Өзүн актайт деп ойлойм. Үйдөгүлөр акча жагынан жардам беришти, колдошту. Окууну бүткүчө ушуну менен кичине бизнес кылсамбы деген ойлорум бар.

Мүнүшкөрлүк өнөрүм да бар. Бош убактымда велосипед тебем. Мектепти ийгиликтүү аяктап, эколог болом деп жатам», — деди ал.

Булак: Турмуш кж

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *