Таласта бир адамдан коронавирус аныкталды

Бишкек, 10.06.2020 Sokol.media

«Бир сутка ичинде коронавирус менен жаңы 38 учур катталды. Жети учур чет өлкөдөн келген жарандардан жана 24 учур медициналык көзөмөлдө турган жарандардан аныкталган. Калган 7 учурдун жугузуп алган шарттары белгисиз”, -деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.

2020-жылдын 10-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 38 учур катталды:
⚡️ Бишкек ш. – 19
⚡️ Чүй облусу — 6
⚡️ Нарын облусу — 1
⚡️ Ош ш. – 6
⚡️ Ош облусу — 3
⚡️ Жалал-Абад облусу — 2
⚡️ Талас облусу — 1

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 1
• Чүй облусунда – 3
• Ош облусунда – 1
• Талас облусунда – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 1 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 409 учур катталды, алардын ичинен 294 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

2020-жылдын 10-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 2 093 учурга жетти.
📌 Стационарда – 495, алардын ичинен реанимацияда – 2
📌 Ооруканадан чыгарылды – 1572
📌 Каза тапты – 26

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *