Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы тосмо-күзөттөрдө кызмат өтөөнү улантууда

Бишкек, 10.06.2020 Sokol.media

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басарынын “Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча чаралар жөнүндөгү” буюрмасына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында короновирустук инфекциянын (COVID-19) таркап кетүү коркунучуна байланыштуу тобокелдерди төмөндөтүү максатында, Кыргыз Республикасы ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй облусунун аймагында санитардык-карантиндик күзөттөрдө кызмат өтөөсүн улантып келишүүдө.

Ушу тапта Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы аталган аймактарда күнү-түнү эл коопсуздугун камсыз кылуу менен карантиндик режимдин сакталышына олуттуу салым кошууда. Ошол эле убакта тосмо-күзөттөрдөн алынган маалыматтар өз учурунда талданып, кайра иштелип, тийиштүү мамлекеттик органдарга, жетекчилерге жеткирилип турат. Муну менен катар эл арасында өзгөчө абал учурунда мыйзамдуулукту сактоо, ар кандай укук бузууларга жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштерин да жүргүзүшүүдө.

Иш чара учурунда аскер кызматкерлеринин жеке коопсуздугун камсыз кылуу максатында, алар толугу менен керектүү медициналык каражаттар менен жабдылышкан жана талапка жооп берээрлик тартипти кийинишкен.

ИИМдин ИКАКтын Басма сөз кызматы

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *