«Centre Bar», «LIVE BAR» караоке-барларынын, «Ыр Кесе» кафесинин иштери токтотулду

Бишкек, 10.06.2020 Sokol.media
«Коронавирус инфекциясын жугузуп алган жарандардын көбөйүп жатканына байланыштуу, Шаардык санэпидкөзөмөл борборунун сунушу менен Орто-Сай базарынын иши 10 -июндан 13-июнга чейин дезинфекциялоо чаралары үчүн убактылуу токтотулду. Азыркы күндө Ош базарын дагы жабуу маселеси каралууда», — деп билдирди Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов.
Ошондой эле, «Centre Bar» жана «LIVE BAR» караоке-барларынын, «Ыр Кесе» кафесинин, «BootCamp» компьютердик оюн клубунун иштери токтотулгандыгын кошумчалады.