«Орто-Сай» базары коронавирус кооптуулугунан дезинфекциялоо үчүн жабылды

Бишкек, 09.06.2020 Sokol.media

Бишкек калаасындагы «Орто-Сай» базары коронавирус кооптуулугунан дезинфекциялоо үчүн жабылды. Бул туурасында вице-мэр Татьяна Кузнецова шаардык кеңештин отурумунда айткан.

Бийлик борбордун жашоочуларын базарга барганда бет кап менен кол капты сөзсүз кийүүнү эскертип жатат.

«Бүгүн «Орто-Сай» дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылат. Бизге өздөрү кайрылган жарандардын көбү аталган базарга баргандыгын айтышты. Шаар тургундары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — деди Кузнецова.

Вице-мэр Бишкек шаарынын тургундары медиктерге өздөрү коронавирустан шектенип кайрылган учурлар болгонун жана «Орто-Сай» базарына баргандыгын айтышканын билдирди.

Эске салсак, бүгүн республикалык штабдын жыйынында да жарандар COVID-19ду кайдан жугузуп алганын билбей калып жатканы кабарланды.

Алардын арасында шаардык базарлардын, банк кызматкерлеринин, ири цехтердин, бала бакчалардын кызматкерлери бар экендиги айтылган.

2020-жылдын 9-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 2 055ке жетти. Буга чейин жалпысынан 1483 киши ооруканадан чыгарылды. 24 бейтап вирусту жеңе албай көз жумду.

Булак: спутник кж

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *