ИИМ:COVID-19 илдети пандемиянын алдын алуу боюнча сунуштамалар иштелип чыкты

Бишкек, 09.06.2020 Sokol.media

ИИМ: “Милиция жана калктын ортосундагы социалдык өнөктөштүк” долбоорунун алкагында COVID-19 илдети пандемиянын алдын алуу боюнча сунуштамалар иштелип чыкты.

Баарыбызга белгилүү болгондой, 2020-жылдын 11-мартында Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык Сактоо Уюму COVID-19 илдети пандемия өсүү баскычы жеткендигин жарыялаган – бул оору баардык континенттердин көпчүлүк өлкөлөрүнө жана Кыргызстанга да жеткен. Илдеттин дүйнөгө жайылышы жана анын өнүгүүсүнүн күңүрттүгү глобалдык гана эмес, жергиликтүү деңгээлде да күтүүсүз чаралардын көрүлүшүн талап кылды. Буга байланыштуу, АКШ Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен, Saferworld уюмунун жана “Эл аралык толеранттуулук үчүн” Фондунун “Милиция жана калктын ортосундагы социалдык өнөктөштүк” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте иштелип чыкты. Бул Сунуштамалар, COVID-19 илдети менен күрөшүү боюнча алдын алуу чаралары болуп саналат. Ушул Сунуштамалардын максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан буга чейин иштелип чыккан колдонмолорду толуктоо. Алар Коомдук алдын алуу борборлор үчүн коомдук саламаттык сактоо органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ички иштер органдары менен тыгыз кызматташууну бекемдөө үчүн тутанууларга болжолдуу чара көрүү стратегиялары катары келтирилген. Жогоруда аталган, Сунуштамалар Коомдук алдын алуу борборлорунда иштеген кызматкерлердин жана келүүчүлөрдүн жүрүм-турум эрежелери алдын алуу мүнөздө жазылган:

Коомдук алдын алуу борборлордун мүчөлөрү үчүн пандемия учурундагы сунуштамалар

2019-жылдын аягында башталган коронавирустун (COVID-19) тутанышын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) эл аралык мааниге ээ болгон коомдук саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаал (пандемия) катары баалады. Илдеттин дүйнөгө жайылышы жана анын өнүгүүсүнүн күңүрттүгү глобалдык гана эмес, жергиликтүү деңгээлде да күтүүсүз чаралардын көрүлүшүн талап кылат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ), укук коргоо органдары, айрыкча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары менен калктын ортосундагы социалдык өнөктөштүк оорунун жайылышына каршы күрөшүүдө, жамааттардын коопсуздугун камсыз кылууда жана кризистик абалды өз кызыкчылыгына колдонуп кетүүнү көздөгөн тартип бузуучулар менен күрөшүүдө чечүүчү ролду ойнойт.

Бул Сунуштамалардын максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан буга чейин иштелип чыккан колдонмолорду толуктоо. Алар Коомдук алдын алуу борборлор үчүн коомдук саламаттык сактоо органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ички иштер органдары менен тыгыз кызматташууну бекемдөө үчүн тутанууларга болжолдуу чара көрүү стратегиялары катары келтирилген.

Бул Сунуштанмалар АКШ Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен, Saferworld уюмунун жана “Эл аралык толеранттуулук үчүн” Фондунун “Милиция жана калктын ортосундагы социалдык өнөктөштүк” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте иштелип чыкты.

  1. COVID-19: АЗЫРКЫ АБАЛ

БЕЛГИЛЕРИ

COVID-19 илдетинин кеңири жайылган белгилери бул безгек, чарчоо жана кургак жөтөл. Айрым бейтаптарда күтүүсүз же узакка созулган оорулар пайда болуп, муруну бүтүп, тумоолоп, тамагы ооруп, ичи өтүшү мүмкүн. Бул белгилер башында көп байкалбай, кийин күчөйт. Көбүнчө кишилер бул илдеттен атайын дарылоосуз эле сакайып кетет.

АЯРЛУУ ТОПТОР

Улгайган адамдарга жана кан басымы жогору болгон, жүрөгү оору жана кыйналып дем алган, диабет же иммундук системасы алсыз адамдарга айрыкча көңүл буруу керек. Бул адамдарда илдеттен улам катаал кесептеттер өрчүп кетиши ыктымал.

ЖУКТУРУП АЛУУ ЖОЛДОРУ

Вирустук инфекция кишиден кишиге оорулуу адам жөтөлүп же демин чыгарган учурда көзгө илешпеген мурундагы же ооздогу майда тамчылар аркылуу жугушу мүмкүн. Майда тамчылар жугуп калган буюм-тайымдарды кармаган соң колу менен көзүн, мурунун ушалап же колун оозуна алып барган учурда да илдетти жуктуруп алуу мүмкүн. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму инкубациялык мөөнөт – вирусту жуктуруп алгандан баштап алгачкы белгилер пайда боло баштаган мөөнөт – 24 күндү түзүшү мүмкүн экенин эскертет.

СУНУШТАЛГАН КОРГОНУУ ЧАРАЛАРЫ

Азыркы учурда COVID-19га каршы вакцина да жок, так белгиленген дарылоо ыкмасы да жок. Илдеттин жайылышын алдын алуунун эң жакшы жолу вирус менен байланыштан оолак болуу.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларынын аткарылышын камсыз кылуу үчүн Saferworld уюмунун жана “Эл аралык толеранттуулук үчүн” Фондунун “Милиция жана калктын ортосундагы социалдык өнөктөштүк” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте инструкция иштелип чыкты. Ага төмөнкүлөр камтылган:

  • Башкаларга 1-1,5 метрден жакын жолобой, социалдык обочолонуу эрежесин сактоо;
  • Колдорду улам-улам таза жууп жүрүү үчүн шарттарды түзүү. Анүчүн Коомдук алдын алуу борборлордун (мындар ары – КАБ) кире беришине колду дезинфекциялоочу каражаттарды коюңуз;
  • КАБдын имаратында гигиенаны сактоого шарт түзүү (жумуш орундарда беткаптар болушу керек, ал эми чүчкүрүп же жөтөлүп жаткан тыштан келген бөтөн кишилерге салфеткалар каралышы керек. Гигиена каражаттарын сактоого жабык контейнерлер каралып, иштей турган бөлмөлөрдү тез-тез шамалдатып туруу керек);
  • Кеңсеге келген коноктордун документтерин кармоону чектеп же ага жол берилбеши керек;
  • Жеке коргонуучу каражаттарды тагынуу/кийүү (саламаттык сактоо органдарынын сунушуна ылайык);
  • Коомдук алдын алуу борборлорго келгендердин аты-жөнү, жашаган жери, телефону сыяктуу маалыматты жазып алуу үчүн атайын дептер болушу керек;
  • Колдор менен бетти, оозду, мурунду, көздү кармалап ушалай бербей, ал үчүн атайын бир жолу колдонуучу салфеткаларды пайдалануу керек;
  • COVID-19 вирусу аныкталган бейтап менен байланышта болсоңуз иштей турган жабдууларыңызды тазалап же дезинфекциялап, өзүңүздөн илдеттин белгилеринин пайда болушун байкап жүрүшүңүз керек.
  • Коомдук жайларга барсаңыз, жаныңызга антисептик алын жүрүңүз.

ЖУМУШТАН КИЙИН КЕСИПТЕШТЕРИҢИЗДИ, ҮЙ-БҮЛӨҢҮЗДҮ ЖАНА ДОСТОРУҢУЗДУ САКТОО

Коомдук алдын алуу борборлордо иштегендердин кызматтык милдеттери аларды COVID-19 илдетине чалдыгуу коркунучун жаратат. Өздөрүнүн жакындары менен байланышуудан мурда, КПБнын борборлорунун мүчөлөрү социалдык обочолонуу эрежесин сактап, үйлөрүнө келгенде төмөнкү эрежелерди карманышы керек:

  • Иш жабдууларын, анын ичинде бут кийимиңизди тазалап, чаң жана майда бөлчөктөрдүн тарашына жол бербеңиз.
  • Иш бүткөн соң кийимиңизди чечип, айна менен болушунча тезирээк жууңуз. Кийимиңизди чечкенде, үйгө алып келип жууганда аны териңизге, көзүңүзгө жана башка таза кийимиңизге тийгизбегенге аракет кылыңыз (кийимиңизди күбүбөңүз);
  • Гигиенаны сактап, болушунча көбүрөөк жуунуп, териңизге тийген жерлерди самын менен жууңуз;
  • Өзүңүздөн илдеттин белгилеринин бар-жогун байкап жүрүңүз;
  • Илдеттин белгилери пайда болгон учурда өзүңүз өзүңүздү дарылабастан, дароо медициналык жардам алууга тийишсиз.
  1. COVID-19 ИЛДЕТИНИН ТУТАНЫШЫНДАГЫ КООМДУК АЛДЫН АЛУУ БОРБОРЛОРДУН ОРДУ

КАБлар илдеттин жайылышын кармап турууга багытталган коомдук саламаттыкты сактоо чараларынын аткарылышын колдоодо да, ага байланыштуу айрым кылмыштуу иш-аракеттердин алдын алууда да өзөктүү ролду ойнойт.

 

КООМДУК САЛАМАТТЫКТЫ САКТООДОГУ ЧАРАЛАРДЫН ИШКЕ АШЫРЫЛЫШЫН КОЛДОО

Улуттук деңгээлде жаралган кырдаалга жана COVID-19 илдетине каршы чара көрүү боюнча мамлекеттик стратегияга ылайык, коомдук алдын алуу борборлор болжолдуу укук бузуулардын алдын алууда жана коомдук саламаттыкты сактоодогу айрым маселелерди чечүүгө катыша алат. Жогоруда сөз болгон коргонуу  чаралары төмөнкү маселелерге карайт:

А) КООМЧУЛУКТУ КАБАРДАР КЫЛУУ

КАБ ички иштер органдары, башка мамлекеттик мекемелер жана саламаттык сактоо органдары менен биргеликте коомдук саламаттык сактоо тармагындагы улуттук деңгээлде көрүлүп жаткан чаралар тууралуу калкка маалымат жеткирүүдө активдуу ролду ойной алат.

Сунуштамалар:

  • Коомдук саламаттык сактоого байланыштуу улуттук көзөмөл чаралары тууралуу жаңылыктардан кабардар болуп туруңуз;
  • Конфликтик жана гендердик сезимталдыкты эске алып, жергиликтүү деңгээлде калкка кеңеш берүү жана даярдык чаралары тууралуу кабардар кылуу;
  • Коомчулукка ырааттуу билдирүүлөрдү жеткирүү максатында ведомстволор аралык координациялону кубаттоо;
  • Туура эмес маалыматтын тарашына жол бербөө үчүн жалган жаңылыктар менен күрөшүүгө багытталган тиешелүү механизмдерди колдонуп ушак-айыңдардын тарашы тууралуу маалымат берүүнү жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташууну кубаттоо.

Б) COVID-19 КРИЗИС ШАРТЫНДАГЫ АЙРЫКЧА МЫЙЗАМГА КАРШЫ КЕЛГЕН ИШ-АРАКЕТТЕРДИН АЛДЫН АЛУУ

Укук бузуулардын төмөнкү тармактарындагы мыйзамсыз ниеттердин өсүшү КАБ тарабынан айрыкча көңүл бурууну талап кылат:

 

Айрым адамдар тарабынан илдетти атайылап жайылтуу аракети же ошондой коркунучтун пайда болушу

Сунуштамалар:

  • Кызматташкысы келбеген жарандар менен сүйлөшкөндө абайлаңыз. Мүмкүн болсо жеке колдонуучу каражаттарды кийип жүрүңүз;
  • Эгер айрым бир киши же бир топ кишилер пандемия шартында жалпыга тиешелүү болгон чараларды аткаруудан баш тартып жаткан учурлар катталса, ал маалымат менен ички иштер ограндары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен алмашып туруңүз.

ЖАСАЛМА МЕДИЦИНАЛЫК ПРОДУКЦИЯ (Бир жолу колдонуучу хирургиялык беткаптар, колду дезинфекциялоочу каражаттар, вируска жана малярияга каршы колдонуучу дары-дармек, вакцина, COVID-19 вирусун текшерүүчү тест шаймандары)

Сунуштамалар:

  • КАБ жогоруда келтирилген жасалма буюмдардын тизмесине өзгөчө көңүл бурушу керек.
  • Ушул буюмдарга байланыштуу жалган же адаштыра турган жарнама жана башка жарыялардын түрлөрү тууралуу коомчулукка маалымат берүү.
  • Күмөн саноо жаралса дароо ички иштер органдарына жана улуттук штабдын ыкчам байланыш номерине чалып, жасалма продукциянын жайылышын алдын алуу керек.

 

МААЛЫМАТ АЛУУ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯ ЖААТЫНДАГЫ МАХИНАЦИЯЛАР ЖАНА АЛДАМЧЫЛЫК СХЕМАЛАР ТӨМӨНКҮЛӨРДҮ КАМТЫЙТ:

  • Интернеттеги көз боёмочулук: шылуундар жалган веб-сайттарды, электрондук соода платформаларын, электрондук даректерди жана социалдык тармактардан баракчаларды түзүп алып, медициналык буюмдарды сатуу жана жеткирүү менен алек болгонун айтышат. Айрым учурларда алар ошол буюмдарды өндүрүү жана сатуу менен алек болгон белгилүү компаниялардын атын колдонот. Андан соң алар жабырлануучудан акчаны банк аркылуу которууну сунуш кылышат.
  • Телефондон алдоо: шылуун кары адамдарга телефон чалып, өзүн учурда ооруканада дарыланып жаткан тууганы деп тааныштырат. Андан соң ал кары кишилерден дарыланууга кеткен акчаны которуп коюну же өзүн саламаттык сактоо кызматкери деп тааныштырган бирөөгө берүүнү суранышат.

Сунуштамалар:

  • КАБ Ички иштер органдары менен биргеликте коомчулукка кылмыш жасоонун жаңы ыкмалары жөнүндө маалымат берүүгө тийиш.
  • КАБ Ички иштер органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге маалыматтык-коммуникациялык тармакта махинация жана көз боёмочулук схемалардын аныктамасына кире турган иш-аракеттер тууралуу калкка маалымат жеткириши керек.
  • КАБ Ички иштер органдары менен бирге элдин маалыматтык-коммуникациялык тармакта ресурстарды колдонуудагы коопуздук эрежелерин кармануусун кубаттоо.

Кыргыз Республикасынын коронавируска тиешелүү маалымат алуу боюнча байланыш телефондору:

  • Ыкчам байланыш телефону: 0-312-323202
  • WhatsApp кайрылуулар үчүн телефон: +996(770)89-55-56

Коронавируска байланыштуу абал жөнүндө ыкчам жана ишенимдүү маалыматты төмөнкү шилтемелерден алсаңыз болот:

  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сайты: http://med.kg/ru/koronavirus.html
  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин сайты: https://mvd.gov.kg
  • Коронавируска каршы Республикалык ыкчам штабдын Telegram каналы:https://t.me/RshKRCOV
  • Коронавируска каршы Республикалык ыкчам штабдын Facebook баракчасы:https://www.facebook.com/SocialGov.kg/

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *