Ысык-Көлдө 2 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

Бишкек, 08.06.2020 Sokol.media

8-июнь күнү болжол менен саат 04.20 чамасында Балыкчы шаардык милициясына Тоӊ районунун Көк-Мойнок айылына жете бербей автоунаа жол кырсыгына учурагандыгы жөнүндө кабар түшкөн.
Аталган кабар боюнча тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, 19-жашар Чолпон-Ата шаарынын тургуну О.У., Бишкек шаарынан Чолпон-Ата шаарына «Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү автоунаасы менен бара жатып, Бишкек-Балыкчы-Торугарт автожолунун 163-чакырымында рулга ээ боло албай, жолдун четиндеги бетон тосмолорун сүзүп, жол кырсыгына учураганын аныктаган.
Жол кырсыгынан улам, автоунаада жүргүнчү катары бара жатышкан Ак-Суу районунун 48-жаштагы тургуну Э.Ж. жана Каракол шаарынын 39-жаштагы тургуну Д.Б., алган жаракаттарынан окуя болгон жерден каза болушкан.
Ал эми, айдоочу жана анын эки жүргүнчүсү Бишкек шаарынын 34-жаштагы тургуну И.Н. жана Каракол шаарынын 18-жаштагы тургуну Т. кызы Ж. алган жаракаттары менен Балыкчы шаардык ооруканага жаткырылышкан.
Медициналык күбөлөндүрүү көрсөткөндөй жол кырсыгы учурунда айдоочу спирт ичимдиктерин ичпегендиги аныкталган. Аталган факт, Балыкчы шаардык милициянын КЖБРне катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн топтолгон иш кагаздар, аймака карата Тоӊ райондук милициясына өткөрүлмөкчү.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *