Майлуу-Сууда суу бойлой эскертүү белгилери орнотулду

Бишкек, 08.06.2020 Sokol.media

Жай мезгили башталып, абанын температурасы жогорулаган сайын сууга түшүүлөрдүн саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Буга байланыштуу Майлуу-Суу ШИИБитарабынан жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы суу кырсыктарынын алдын алуу максатында сууга түшүүгө кооптуу аймактарга эскертүү тактайчалары орнотулду. Милиция кызматкерлери шаар аймагын аралап өткөн дарыя бойлоруна, көлмөлөргө барышып, жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин да жүргүзүштү. Ошондой эле ата-энелер менен жолугушуп, балдарын ар дайым көзөмөлгө алуу керектигин эскертишти.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *