Блогер «Сыдымандын» сөзүнө кайрадан экспертиза дайындоо чечими чыкты

Бишкек, 08.06.2020 Sokol.media

Бүгүн, 8-июнда блогер Элмир Сыдымановдун Бишкектин Октябрь райондук сотунда соттук иши уланды. Блогерди колдоп ырчылар, жана башка жарандар да келишкен эле. 

Жактоочу Али Магиевблогердин видеосуна кайрадан психо-лингвистикалык комплекстүү экспертиза дайындалганын билдирди.

«Сот Элмир Сыдымановго акыркы сөз бергенге чейин видеого толук түрдө жогорудагыдай экспертиза кылуу өтүнүчүмдү канааттандырды. Эми Элмирдин видеосуна кеңири түрдө экспертиза дайындалат. Бул биз үчүн аябай жакшы болду. Жыйынтыгы бир айга жакын убакытта чыгышы мүмкүн. Азыр ошол себептен соттук отурум токтотулду», — деди жактоочу. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.