Бүгүндөн тарта мечиттерге келүү тартиби жана талабы жарыяланды

Бишкек, 08.06.2020 Sokol.media

Өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгы 8-июндан тартып мечиттерге, намазканаларга келүүнүн, имараттын ичине кирүүнүн жол-жоболорун иштеп чыккандыгы тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, беш убак жамаат намазын, жума намаздарын өткөрүү максатында мечитке келүүдө жарандар төмөндөгү эрежелерди так аткаруусу талап кылынат:

ТАЛАПТАР:

  1. Күнүмдүк беш убак намазга жана жума намазга келүүчү жарандардын бет кап тагынуусу;
  2. Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана келүүчүлөрдүн дене табын текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүсү;
  3. Мечитте адамдардын ортосунда 1 жарым метрлик аралыкты сактоо;
  4. Жарандардын кол алышып, кучакташып учурашуусуна тыюу салуу;
  5. Даарат алуучу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо;
  6. Балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу;
  7. Өлкө аймагындагы бардык мечиттерде даярдык жана түшүндүрүү иштерин мечиттердин имамдары жүргүзүүсү милдеттендирилет.

СУНУШТАР:

  1. Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү;
  2. Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетүүсү;
  3. Жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү;
  4. Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *