8-июнуна карата СOVID-19 менен 25 адам катталды

Бишкек, 08.06.2020 Sokol.media

2020-жылдын 8-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учур катталды:
⚡️ Бишкек ш. – 18
⚡️ Чүй облусу – 7

«Бир сутка ичинде коронавирус менен жаңы 25 учур катталды. Эки учур чет өлкөдөн келген жарандардан жана 13 учур медициналык көзөмөлдө турган жарандардан аныкталган. Калган 10 учурдун жугузуп алган шарттары белгисиз”, — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 4
• Чүй облусунда – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 400 учур катталды, алардын ичинен 282 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *