ВИДЕО-Сокулуктагы жол кырсыгынан бир аял каза болду

Бишкек, 05.06.2020 Sokol.media
Сокулук районунун Совхоз-Фрунзе айылында «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү унаа менен «КамАЗ» кагышып, бир нече адам жаракат алгандыгы  тууралуу 5-июнда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка таянсак, жол кырсыктын кесепетинен 1 аял киши каза болуп, 3 аял, 1 эркек жана 1 жашка толо элек наристе жаракат алган. Куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, алар ооруканага жеткирилди.

Жаракат алгандар:

— 1980-жылы туулган аял;

— 1966-жылы туулган аял;

— 1960-жылы туулган аял;

— 1968-жылы туулган эркек киши;

— 2020-жылы туулган наристе.

Дарыгерлердин айтымында, сыныктар бөлүмүнө ар кандай жаракаттар менен 1966-жылы туулган Ж.Г, 1968-жылы туулган Ж.И, 2019-жылы туулган Х.И түшкөн. Учурда алардын абалы орто оор деп бааланууда.

Жандандыруу бөлүмүнө жеңил унаанын айдоочусу — 1967-жылы туулган К.А. жана 1980-жылы туулган И.Б. түшкөн.

Кечээ, 4-июнда Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагында чөп ташып бара жаткан жүк ташуучу унаанын бир дөңгөлөгү жарылып, жол жээктеги сарайды сүзгөнү кабарланган. Анын айынан аталган жүк ташуучу унааны артында бара жаткан «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаа сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен «Тойота Ипсум» унаасындагы 2 жүргүнчү оор жаракат алган. Мындан тышкары болжол менен 1 жаштагы баланын буттары күйүп калган.

«Тойота Ипсум» унаасында болжол менен айдоочудан тышкары 6 жүргүнчү болгон.

Турмуш кж

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *