ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полку күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда

Бишкек, 04.06.2020 Sokol.media

ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полку күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда

Өлкөбүздүн аймагына киргизилген өзгөчө кырдаал режиминин алкагында санитардык-эпидемиологиялык эрежелер орун алгандыгына байланыштуу, жарандардын өмүрүн, саламаттыгын сактоодо, ошондой эле “Коронавирус” илдетинин андан ары жайылып кетүү мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу максатында, 2020-жылдын 4-июнь күнүнөн тартып Чүй облусунун аймагында жайгашкан санитардык постордо коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери кызмат өтөөгө тартылышты.
Кызматкерлердин жеке коопсуздугун камсыздоо үчүн, ар бири коргонуучу каражаттар, антисептик, кол кап, бет кап, жана атайын кийимдер менен камсыздалган. Андан тышкары, кызматкерлерге күн сайын кызматка чыгуу алдында жеке коопсуздугун сактоо эрежелерин жөнүндө нускама өткөрүлүп турат.

“Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *