Бишкекте коронавирус коркунучу жогору бойдон калууда

Бишкек,04.06.2020 Sokol.media
«Борбор каалабыз Бишкекте коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон калууда. 2020-жылдын 4-июнуна карата, Бишкек шаарында лабораториялык изилдөө менен коронавирус 499 адамда тастыкталды. Алардын 77си четтен келген жана 422си байланышта болгон жарандардан аныкталган. Медициналык көзөмөлдө 155 адам турат. Ага карабастан, айыгып ооруканадан чыгарылган бейтаптардын саны да жогору болуп — 300 адамга жетти»,- деп билдирди вице-мэри Татьяна Кузнецова.

Брифингдин спикери шаардыктарды өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугун сактоого, беткап тагынууга, социалдык аралыкты жана санитардык ченемдерди аткарууга чакырды. Бардык уюмдардын, дүкөндөрдүн жана кафелердин жетекчилери кызматкерлердин жана кардарлардын коопсуздугу үчүн санитардык талаптарды сактоо боюнча жоопкерчилик алаарын баса белгиледи.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *