Анжелика: Менин активдүүлүгүмө бирөө дагы чыдабайт

Бишкек, 04.06.2020 Sokol.media

Кыргыз эстрада ырчысы Анжелика жетиштүү жашоодо жашап жаткандай түр көрсөткүсү келгендерге кайрылуу жасады:

“Эс алып эле жүргөндөй жашоону көп инста баракчалардан көрөсүң. Ойлойсуң, жашоосу жомок деп… Жеке менде андай эмес. Терең дем алып, жылмая карап бир чырк этип, тамактанбастан кумурскадай тытынмай. Менин режимиме, активдүүлүгүмө бирөө дагы чыдабайт. Канчалык алдыга кеткен сайын ошончо жоопкерчилик жана чыгым .
Бирок, кийинип, катуу сүйлөп, кымбат ресторандардан тамактанып жашагандай көрүнгүсү келгендерге бир кайрылуум “кайсы арыңарга?” Дагы уялбай, “жалаң “бренд” кийим кийбейсиңби” дегендечи… мен кандай чүпүрөктү жамынсам дагы- анын көркүн ачам. Бардык нерсе адамдан. Адамдык сапатты биринчи орунга коюп, кайрымдуу болуп, жаман жашап, кыйналып жаткандардан жийиркенбе!!! Жашоо бумеранг!”,-деген ал.

https://www.instagram.com/p/CA9pde6lqpb/?utm_source=ig_web_copy_link

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *