ВИДЕО-Нарында сел жүрүп, үйлөрдү каптады

Бишкек, 03.06.2020 Sokol.media
Бүгүн, 3-июнда, Нарын шаарында катуу жааган жамгырдан улам кыян жүрүп, кээ бир жерлерде селге айланып, турак үйлөрдүн короолорун каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аймактагы сел каптаган учурлардын видеосу «Короче» Telegram каналына жарыяланган.

Ал жерлерге аталган министрликтин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, Нарын шаардык аскерлештирилген Өрт-куткаруу борборунан куткаруучулар тартылган.

Ал эми Нарын мэриясынын маалыматына караганда, суу каптаган аймакка мэр Нурбек Молдокадыров барып, түзүлгөн кырдаалга жараша тиешелүү тармактарга тапшырма берип жүрөт.

Булак: Спутник кж

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *