Түркмөнстан килем майрамын белгилеп, велосипед күнүнө даярданууда

Бишкек, 02.06.2020 Sokol.media
toggle search inputtoggle main navigation

КЫРГЫЗСТАН

Түркмөнстан килем майрамын белгилеп, велосипед күнүнө даярданууда

4 часа(-ов) назад

Поделиться

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөн килеми күнү, Балдарды коргоонун эл аралык күнү жана Велосипед күнүнө байланыштуу калкка кайрылуу жасап, мекендештерине ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгилик каалады.

Түркмөн килеми күнү 1992-жылдан бери 31-майда мамлекеттик майрам катары белгиленип, килем жарманкеси жана концерттик иш-чаралар менен коштолот.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы өлкөдө экономикалык каатчылык күч алып, жумушсуздук, азык-түлүк тартыштыгы өкүм сүрүп жатканын билдирүүдө.

Ушул тапта өлкөнүн эки ири аймагы апрелдин аягында болгон катуу бороондун кесепетин тартууда. Көптөгөн үй-бүлө турак жайсыз калды, курмандыктар да бар экени айтылууда. Түркмөн бийлиги жана мамлекеттик ЖМКлар бул боюнча үн ката элек.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму социалдык аралыкты сактоо зарылдыгын белгилегенине карабай, 7-апрелде Түркмөнстанда Ден соолук күнүнө карата жүрүш өтүп, ага жети миң киши катышкан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.