Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери чек арадагы кырдаалды талкуулашты

Бишкек, 02.06.2020 Sokol.media

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 1-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде чек ара кызматташтыгы тууралуу сүйлөшүп, анын ичинде 31-май күнү чек арага танапташ жерде түзүлгөн кырдаалды талкуулашты. Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиёев мындан ары андай чатактарга жол бербеш үчүн зарыл чараларды көрүүнү макулдашты.

Президенттер мындан тышкары эки өлкөнүн элдери эзелтен ынтымакта жашап, кыйын күндөрдө бири-бирине жардам берип келишкенин бир ооздон белгилешти. Ошондой эле мамлекеттер арасында бири-бирин колдоо иретинде бир нече жолу берилген гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык сөздөрүн айтышты.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавынын Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда «булак бизге таандык» деп сөз талашкандан чыккан.

Жаңжалдан кыргызстандык 25 жаран түрдүү жаракат алганын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Алардын төртөө ар кандай жаракат менен стационарда дарыланып жатканы, анын экөө операциядан кийин оор абалда экени маалым болду. Калгандары медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө чыгарылды.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *