Казакстанда административдик камакка алынган үч киши «ууланып» каза болду

Бишкек, 02.06.2020 Sokol.media

Акмоло облусунун борбору Кокшетау шаарында административдик жазасын өтөп жаткан үч киши каза болду. Алардын өлүмүнө уулануу себеп болушу мүмкүндүгү айтылууда.

Акмоло облустук полициясы 28-майга караган түнү бир камерада отурган алты киши «уулануу белгилери» менен ооруканага жеткирилгенин билдирди. Алардын бешөө жол коопсуздук эрежелерин бузуу, бирөө майда бейбаштык айыбы менен камакка алынган.

«Бүгүнкү күнгө карата үчөө каза болду, дагы үчөө дарыланып жатат. Азыр биз соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарын күтүп жатабыз», — деди мекеменин өкүлү.

Анын айтымында, бул окуяга байланыштуу «Эки же андан көп кишинин өлүмүнө алып келген санитардык, гигиеналык нормативдерди бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ушу тапта эки бейтап реанимация бөлүмүндө, алардын абалы оор деп бааланууда. Каза болгондор 41, 35 жана 32 жаштагы кишилер болгон.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *