Чынара Капарова: Депутат издейм…

Бишкек, 02.06.2020 Sokol.media

Белгилүү телеалып баруучу Чынара Капарова өзүнүн фейсбук баракчасына төмөндөгүдөй деп жазган:
«ДЕПУТАТ ИЗДЕЙМ!
Биздин заманга чейин жашап өткөн белгилүү философ Диоген афиналыктарга «силер адам деген жогорку атка татыктуу эмессинер!” деп чакырык таштап, чак түштө колуна шамчыракты жандырып алып “Адам издейм!” деп көчөмө-көчө адам издеп жөнөйт..!

Анын сыңары, мен да Жогорку Кеңешке кирип барып “Депутат издейм, чыныгы депутат издейм…” деп зал ичин кыдыргым келген учурлар болду🤔🤔🤔

Ооба, депутаттар көп, бирок аты затына туура келбеген да өкүлдөр бар же жок экенин коомчулук өзү баалап, баамдап калды😏😏😏

Эмне айткым келди…

1. Депутат деген ким?

Бул суроону мен студенттерге бердим👏👏👏

Бактыга жараша депутат деген терминди жана алардын милдеттерин бардыгы билет экен…

2. Биздин депутаттар кандай иш аткарат?🤔

Бул суроо албетте, талаш жаратты. Бири депуттар маселелерди чечип, эл үчүн иштеп жатат десе, башкалары депутаттар эч нерсе кылбай эле акча алган адамдар деп да жооп берип жатышты.

3. Бизде канча депутат бар жана кимдерди тааныйсыздар? 🤫
Студенттер 120 депутат бер экенин билет. Бирок тамашакой жаштар “Эже, алардын санын деле билбейт элек, 120 кой дегенден кийин эле депутаттар 120 турбайбы деп билип калдык” дешти. Бирок кимдерди таанышат? Болгону 20-30 гана депутатты студенттер тааныйт!

Эми Сиздерге суроом: депутаттарды бардыгы таанышы керекпи, же шайланып келген аймагы тааныса жетеби? (Мен жооп билем))

Сиздерден жооп күтөм…»,-деген ал.

 

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *