Бүгүн 28 адамдан коронавирус аныкталды

Бишкек, 02.06.2020 Sokol.media

2020-жылдын 2-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учур катталды:
⚡ Бишкек ш. – 11
⚡ Нарын облусу — 1
⚡ Ош ш. — 16

📍 Бир сутка ичинде өлкө боюнча Ош шаарында 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 364 учур катталды, алардын ичинен 254 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

2020-жылдын 2-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун жалпы 1 845 учуру катталды.
📌 Стационарда – 609, алардын ичинен реанимацияда – 4
📌 Ооруканадан чыгарылды – 1219
📌 Каза тапты – 17

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *